Дубайда коронавирусту аныктоону иттерге да үйрөтүп коюшту

17 августа 2020 15:02 889 Barometr
Поделиться в:
ok

Дубай эл аралык аэропорту биринчи жолу коронавируска чалдыккан жүргүнчүлөрдү аныктоо үчүн иттерди колдоно баштады. Бул тууралуу  Gulf News агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.

Жаныбарлар өз ишин саякатчылар менен байланышта болбостон жүзөгө ашырат. Туристтерди жанынан жыттап, эгер оорунун белгилери бар болсо ошол жерге олтуруп калат. Андан кийин, саякатчыдан ПЦР-тест алынып, ооруну ырастоо үчүн жиберилет. Изилдөөнүн жүрүшүндө ушул методдун тактыгы 92 пайызды түзгөндүгү аныкталды. Дубай июлда туристтер үчүн ачылды. Саякатчылардан үч күндөн ашпаган убакытта  ден-соолугу таза делген маалымдама талап кылынат.

Ссылка: https://barometr.kg/dubaj-karonavirustu-anktoonu-itterge-da-jrtp-kojdu



Добавить комментарий