ДСУ Кытайдын вакцинасы менен эмделген улгайган адамдарга дагы доза алууну сунуштады
Поделиться в:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иммунитети алсызданган адамдарга коронавируска каршы үчүнчү доза менен эмделүүнү сунуштады. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.
ДСУнун иммунизация боюнча статегиялык консультациялык тобунун эксперттери иммундук жактан алсыраган адамдарга кошумча эмдөө керектигин, анткени “стандарттык эмдөө” жетишсиз болуп каларын эскерткен деген бүтүмгө келишти.
Ошондой эле эксперттен Кытайдын Sinovac же болбосо Sinopharm вакциналары менен эмделген жаш курагы 60 жаштан жогору болгон адамдарга кошумча вакцина алууну сунушташты. Анткени бир катар изилдөөлөр бул вакциналар улуу курактагыларга жакшы таасир бере албашы мүмкүн экенин көрсөткөн.
Добавить комментарий ×