ДСУ коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу чукул жыйынга чогулду

26 ноября 2021 16:45 1800 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түштүк Африка республикасы менен Ботсванда табылган, таралуу коркунуч жогору болгон COVID-19дун жаңы штаммы үчүн чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

“Жолугушуу бүгүн жума күнү болот, B.1.1.529 SARS-CoV-2 деп аталган жаңы штамм талкууланат”,-деп жазат басылма.

Булактардын айтымында, ДСУ бул жаңы вариантты “тынчсыздандырууну пайда кылуучу” же болбосо “кызыгууну пайда кылуучу вариантпы” карап көрмөкчү.

ДСУнун өкүлү Мария Ван Керкхове COVID-19дун жаңы штаммы учурда изилденип жатканын, анын мутациясы, эмдөөгө жана диагноз коюуга таасири изилденерин белгилеп өттү.

Жаңы вариант мутацияга абдан көп кабылары жана аны СПИД менен ооруп жаткан адамда пайда болгону айтылган. Буга чейин Daily Mail гезити алган вирус коронавирустун баардык түрлөрүнөн, анын ичинде дельтадан дагы коркунучтуу экенин жарыялаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/dsu-koronavirustun-zhay-shttamyna-bajlanyshtuu-chukul-zhyjynga-choguldu



Добавить комментарий