Дүйнөлүк уюм алдыдагы диний майрамдарды ачык жерде өткөрүүнү сунуштады
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алдыда келе жаткан мусулмандардын диний майрамдардын үстү ачык жайларда өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу БУУнун сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ага ылайык, ДССУ диний ишенимдер адамдардын психологиясына оң таасир берерин айтып, ансыз да пандемиядан улам стресс абалында турган адамдарга бул майрамдар жакшы жардам берерин белгиледи. Бирок, дүйнөлүк уюм алдыда болуучу диний майрамдарда коопсуздук чаралары күчөтүлүшү керектигин белгиледи.
“Майрамдык иш-чаралар, адамдардын массалык чогулушу инфекцияны жуктурууну көбөйтөт жана жаңы очоктордун башталышын шартташы мүмкүн.
Диний ишмерлер массалык мааракелерди өткөрүү-өткөрбөө чечиминин оң жана терс жактарын таразалап чыгышы керек”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, ДССУ оору көбөйгөн өлкөлөрдө майрамдык иш-чараларды жокко чыгаруу максатка ылайык деп эсептейт.
Ссылка: https://barometr.kg/dssu-aldydagy-dinij-majramdarga-karata-atajyn-erezhelerdi-sunushtady
Добавить комментарий ×