Доллардын наркы күн сайын өсүүдө

16 августа 2018 03:00 1660 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу күн сайын жогорулап жатат. Улуттук валютанын курсу түшкөнгө чейин (8-август) бир доллар 68,25 (сатуу) жана 68,07 (сатып алуу) болуп жаткан. Шейшембиде, 69,5 сом болуп турган эле. Ал эми 69,5 сомдон сатып алышса, кечээки баа 69,2 сомдун чегинде эле. Бүгүн азыркы тапта сатуу 69.45ди түзсө, сатып алуу 69.55 болду. Кыргызстандагы валюта тууралуу маалымат valuta.kg сайтына жарыяланды.

Улуттук банк 11-августта 8 миллион 150 миң доллар саткан. Интервенциянын башкы максаты кырдаалды жөнгө салуу болчу.

Ал эми рублдин баасы турукташа баштады, дүйшөмбүдө бир сомдон да ылдый түшүп кеткен. Учурда Россиянын валютасы 1,06дан сатылып, 1,04 сомдон сатып алынууда.

Эске салсак, Американын Россияга карата санкцияларды киргизди деген маалымат тарагандан бери өткөн жумадан тарта Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Түркияда доллардын наркы жогорулай баштаган. 




Ссылка: https://barometr.kg/dollardyn-narky-kn-sajyn-sd



Добавить комментарий