Доллардын курсу мурдагы калыбына келбейт
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абыгулов Кыргызстанда сомдун курсу эркин калкуу режиминде болгондуктан анын куну талапка жараша болорун айтты.
Ал ошондой эле, кечээ, 10-мартта Улуттук банкы интервенция жасап, долларды 72,90 сомдон чыгарганын кошумчалады. Учурда бир доллардын баасы 72,9 сомдон болууда.
Абдыгулов доллардын курсун Улуттук банк белгилеп, же божомолдобой турганын айтып, ал дагы талапка жараша аныкталарын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып доллардын курсу 70 сомдон кем болбой турганын жана учурда баанын тегерегинде гана болорун кошумчалады. Себеби доллардын курсу валюта рыногундагы талапка ылайык аныкталат.
Эскерте кетсек, 10-мартта доллардын курсу кескин өсүп, 69,90 сомдон 73 сомго чейин чыгып кеткен. Валюта рыногундагы мындай олку-солку абалы жөнгө салуу үчүн интервенция жасап, 53,7 миллион долларды саткан.
Улуттук банктын төрагасы сомдун курсу 2-3 айда бир калыпка түшүп каларын айткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/dollardyn-kursu-murdagy-kalybyna-kelbejt
Добавить комментарий ×