ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанды жеңип, чемпион болду

7 сентября 2018 23:20 1465 Barometr
Поделиться в:
ok

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанды жеңип, чемпион болду. Кыргыз көкбөрүчүлөрү финалда Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңди.

Көпчүлүк Кыргызстандын көкбөрүчүлөрүн Казакстандын улукттук курама командасы менен туш келет деп күтүшкөн. Бирок, кечээ 6-сентябрдагы Өзбекстандын командасы менен Казак оюнчуларынын беттеши көптүн күткөн жыйынтыгындай болгон жок. Өзбек улакчылары Казакстандын улуттук курама командасын жеңип финалга чыккан.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышты. Мелдештин байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түздү. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/dko-2018-kyrgyzstandyn-kkbr-boyuncha-uluttuk-kurama-komandasy-zbekstandy-zheip-chempion-boldu



Добавить комментарий