ДКО-2018: Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы мындан ары оюнга катышаар катышпастыгы тууралуу бүгүн чечилет

4 сентября 2018 14:40 2882 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы мындан ары оюнга катышаар катышпастыгы тууралуу бүгүн  чечилет. Бул тууралуу “Спутник Казакстандын” кабарчылары билдирди.    

Маалым болгондой, учурда  калыстар бул тууралуу карап жатышат. Белгилей кетсек, кечээ Казакстандын көк бөрү боюнча курума командасы Красноярский крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттешмек. Бирок белгисиз себептерден улам казак оюнчулары  каршылаштарын көпкө күттүрүп оюн талаасына чыккан эмес.  

Бул боюнча Казакстандын маданият министрлиги оюнга катышпоо чечимин эч ким кабыл албагандыгын жана спортчулар мелдештин программасынын негизинде бардык оюндарга катыша тургандыгын  айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/dko-2018-kazakstandyn-kk-br-boyuncha-kurama-komandasy-myndan-ary-oyunga-katyshaar-katyshpastygy-tuuraluu-bgn-chechilet



Добавить комментарий