ДСУ Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарды тапшырды

30 апреля 2020 12:20 1065 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Кыргызстанда жаңы коронавирус инфекциялык илдети менен күрөшүүнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун маалымат порталы билдирди. 

Жеке коргонуу каражаттары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тилкеси боюнча берилет. Алар 950 коргонуучу костюм, 100 инфракызыл термометр, 950 бир жолу колдонулуучу колкап, 950 коргоочу көз айнек; FFP2 тибиндеги 950 беткап. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 22,000 АКШ долларын түзөт.

Аталган жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана бүткүл өлкө боюнча баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү адамдарга өлкөдө коронавирус илдети менен тез жана коопсуз күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Бул коргонуу каражаттары COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча алынып келинди. Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматы жүктүн тең жарымын өлкөнүн түштүгүндөгү медициналык мекемелерге бөлүштүрүүнү пландап жатат.  

Мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча пробаларды бөлүү жана изилдөөлөрдү жургүзүү үчүн 36,000 АКШ долларынын тегерегиндеги суммага лабораториялык чыгымдоочу материалдарды (пробиркалар, тампондор, наборлор, реагенттер ж.б.) 2 жолу сатып алуу жана ташып келүү уюштурулду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму КР Саламаттык сактоо министрлигине жана медициналык кызматкерлерге COVID-19 илдетин алдын алуу, дартты лабораториялык аныктоо жана дарылоо боюнча ДСУнун жаңыртылган далилдөөчү маалыматтарын, сунуштарын, жетекчилигин  туруктуу негизде берүүнү улантууда. Ошондой эле,  ДСУ илдетти жугузуп алуу тобокелдиги жөнүндө маалымдоо үчүн басма материалдарын тапшырды жана  аларды бүткүл өлкө боюнча кеңири коомчулук үчүн таркатты.  Аталган материалдар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте адаптацияланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму март айынын ортосунда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги менен (USAID) тыгыз кызматташтыкта жеке коргонуу каражаттарын тапшырды: 10 миң хирургиялык беткап; 1,4 миң халат; 200 коргоочу көз айнек жана  FFP2 тибиндеги 200 беткап. Аталган жүк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дубайдагы регионалдык материалдык-техникалык камсыздоо борборунан жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-salamattyk-saktoo-uyumu-lkg-zheke-korgonuu-karazhattaryn-tapshyrdy



Добавить комментарий