Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 27 миллиондон ашты

7 сентября 2020 10:32 614 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдө коронавирустун жуктуруп алгандардын саны 27 миллиондон ашты. Бул тууралуу Джон Хопкинс университетинин расмий сайтына жарыялаган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Университеттин 7-сентябрда эртең менен жарыялаган маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 27 002 224кө жетти. COVID-19 илдети менен бир суткада 882 053 бейтап каза болду. Коронавирус илдети башталгандан бери 18 миллиондон ашуун оорулуу сакайып чыкты.

11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирустук COVID-19 инфекциясынын пандемия деп жарыялаган.

Ал эми Кыргызстанда коронавирусту 2020-жылдын март айынан бери 44 403 адам жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 1061ге жетти. Коронавирус илдетинен 39 826 адам сакайып чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirustu-zhukturup-algandardyn-sany-27-milliondon-ashty



Добавить комментарий