Дүйнөдө коронавирусту бир күн ичинде 315 717 адам жугузуп, 6 миңден ашууну каза болду

24 сентября 2020 18:02 475 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдө коронавирустун 32 миллиондон ашык адамга жукканы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Worldometer ресурсу жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө COVID-19дун 32 097 169 учуру аныкталды. Анын ичиненен 981 967 адам илдеттен каза болду, 23 679 970 адам айыгып чыкты.

Дүйнөлүк статистикада COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча АКШ (7139553), Индия (5732518), Бразилия (4627780) жана Россия (1122241) алдыда турат. Коронавирус 213 өлкөдө жана аймакта катталган.

Бир күн ичинде дүйнөдө бул илдетти 315 717 адам жугузуп алды, ошондой эле 6 333 киши илдеттен көз жумду.

Эске салсак, буга чейин БУУнун Башкы катчысы коронавируска каршы вакцинанын дүйнө жүзү боюнча баардык өлкөлөр тегиз алышы керектигин айткан.

Ошондой эле, ДССУ COVID-19 оорусунун бир жумада рекорддук өсүшүн жарыялаган. Коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын көбөйүшү Африкадан башка дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарында байкалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirustu-bir-kn-ichinde-315-717-adam-zhuguzup-6-miden-ashuunu-kaza-boldu



Добавить комментарий