Дүйнөдө биринчи жолу уникалдуу аномалия менен бала төрөлдү
Ирактын түндүгүндөгү Дахук шаарында медицина тарыхында биринчи жолу катталган уникалдуу аномалия - трифаллия менен бала төрөлдү. Бул тууралуу International Journal of Surgery Case Reports медициналык журналына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, ымыркай үч жыныстык мүчөсү менен төрөлгөн. Баланын ата-энеси аны кандайдыр бир шишик деп ойлошкон. Бирок, дарыгерлер баланын бир жана эки сантиметр өлчөмүндөгү кошумча дагы эки мүчөсү бар экендигин аныкташкан. Кошумча жыныс органдары толук калыптанбагандыктан (заара чыгаруучу канал жок болуп калган), хирургдар аларды алып салышкан.
Дарыгерлердин айтымында, операциядан бир жыл өткөндөн кийин баланын ден-соолугуна байланыштуу эч кандай көйгөйлөр жаралган жок.
Бул аномалиянын себеби табышмак бойдон калууда. Дарыгерлер эне кош бойлуу кезинде наркотик колдонгон же баланын үй-бүлөсүндө ушул сыяктуу генетикалык мутациялар болгон деп божомолдошкон. Бирок эки версия тең тастыкталган жок.
Дарыгерлердин айтымыда, мындай аномалия менен төрөлгөн балдар өтө сейрек кездешет. Жалпысынан дүйнөдө жүзгө жакын мындай учур катталган. Бирок, буга чейин, эки гана кошумча жыныстык мүчөсү менен балдар төрөлүп келсе, үч жыныстык мүчө менен төрөлгөн наристе биринчилерден болуп кездешип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/djnd-birinchi-zholu-kattalgan-unikalduu-anomaliya-menen-bala-trld
Добавить комментарий ×