Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы биринчи эмделген адам көз жумду

26 мая 2021 10:25 1830 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы биринчи эмделген адам, Уильям Шекспир көз жумду. Бул тууралуу Daily Mail сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Басылманын маалыматы боюнча, Шекспир коронавируска тиешеси жок оорудан, инсульттан улам көз жумган. Ага Квентри университетинин ооруканасында 2020-жылы декабрь айында Pfizer вакцинасы менен эмдөө жасалган. 

Маалыматка караганда, 81 жаштагы карыя ооруканада инсульттан улам көз жумган. Шекспирдин жубайы күйөөсү, дүйнөдө биринчилерден болуп эмдөө алганына абдан сыймыктанчу деди.

"Бул нерсе үчүн ал сыймыктанчу, бул тууралуу жаңылыктарды ММКдан көрүп, көптөгөн адамдардын жашоосунда боло турган оң өзгөрүүлөрдү көргөндү жакшы көрчү. Ал адамдар менен көп сүйлөшүп, ар дайым адамдарды эмдөөдөн өт дечү ",- деди жубайы.

Буга чейин Улуу Британияда коронавирустун гендердин адаттан тыш айкалышы менен жаңы "үч эселенген мутациясы" аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhznd-koronaviruska-karshy-birinchi-emdelgen-adam-uilyam-shekspir-kz-zhumdu



Добавить комментарий