Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен 734 миң киши айыкты

24 апреля 2020 09:03 865 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер шарында коронавирустан 733 993 киши айыкты. South China Morning Post басылмасынын жазышынча, оору 2,7 миллионго жакын кишине жугуп, 187 420 кишинин өмүрүн алды.

Вирустун жугушу АКШда аябай көбөйүп, 856 миңден ашык кишиге жугуп, 47 272 кишинин өмүрүн алды. Абал Испанияда дагы оор. Илдет 213 024 кишиге жугуп, 22 157 киши каза болду. Италияда оору 189 973 кишиден табылып, 25 549 адам өмүрү менен кош айтышты.

Абал Францияда, Улуу Британияда, Кытайдын өзүндө жана Германияда оор бойдон калууда. Аталган мамлекеттерде оорудан каза болгондор миңдеп саналат.

Дүйнө жүзү коронавирус менен күрөшүү үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатат. Бир топ мамлекетте карантин киргизилип, өзгөчө абал жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhznd-koronavirus-ildetinen-734-mi-kishi-ajykty



Добавить комментарий