Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 2,6 миллиондон ашык кишиге жукту

23 апреля 2020 09:25 1493 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдети жер шары боюнча 2 миллион 624 миң 676 кишиге жугуп, 182 907 кишинин өмүрүн алды. Ал эми 708 160 киши оорудан айыгып үйүнө чыгарылды.

South China Morning Post басылмасынын жазышынча, оору жуккандар жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. Учурда бул жакта 840 897 кишиге оору жугуп, 46 640 киши каза болду. Экинчи орунда Испания – 208 389 кишиден илдет табылып, 21 717 киши өмүрү менен кош айтышты. Алдыңкы үчтүктү Италия толуктайт. Акыркы маалымат боюнча бул мамлекетте 187 327 кишиге оору жугуп, 25 085 киши о дүйнө салды.

Ошондой эле абал, Францияда, Улуу Британияда, Кытайда оор бойдон калууда. Бул мамлекеттерде оору жуктургандар менен андан каза болгондордун саны миңдеп саналат. Европадан бир гана Германияда оорудан каза болгондордун саны аз. 23-апрелге карата алынган маалымат боюнча 150 648 кишиден коронавирус табылганы менен андан 5 315 гана киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-koronavirus-26-milliondon-ashyk-kishige-zhuktu



Добавить комментарий