Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 2 миллиондой кишиге жукту

14 апреля 2020 09:18 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер шары боюнча коронавирус 1 миллион 922 миң 412 кишиге жукту. Ал эми оору 119 653 кишинин өмүрүн алды. Оорудан 449 113 киши айыкты.

АКШ оору жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунга чыкты. Учурда 581 679 кишиге оору жугуп, 23 608 киши көз жумду. Андан кийин Испанияда дагы абал оор. Бул жакта 170 099 кишиге оору жугуп, 17 756 киши өмүрү менен кош айтышты. Алдыңкы үчтүктү Италия толуктайт. Азыр Италияда 159 516 кишиге вирус жугуп, 20 456 киши өлдү.

Андан сырткары Франция, Германия, Улуу Британияда дагы абал оор. Европанын бул мамлекеттеринде коронавирус жуктургандар күн сайын көбөйүп, өлгөндөрдүн саны дагы артууда.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 419 кишиге жетип, беш киши оорунун курмандыгы болду.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhz-boyuncha-koronavirus-2-milliondoj-kishige-zhuktu



Добавить комментарий