"Дүйнө сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчүсү акчалай байгени келишим боюнча албайт

9 декабря 2018 23:21 1567 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Мексиканын сулууларынын ханышасы 26 жашта. Ал эл аралык бизнес боюнча академиялык даражаны алган жана реабилитациялык борбордун директорлор кеңишинин мүчөсү. Венесса - волонтер, модель жана алып баруучу. Ал эми дүйнө сулууусунун хоббиси валейбол жана сүрөт тартуу.

Оюндун эрежеси боюнча Венесса акчалай байгени алат бирок, келишимдин негизинде ал акчаны кайрымдуулука өткөрүп берет. Ал эми дүйнө сулуусунун өзүнө болсо Лондондо 1 жыл бою квартирада бекер жашоо мүмкүнчүлүгү калат. Белгилей кетүүчү жагдай, ал кайра кийинки сулуулар сынагына чейин кайрымдуулук акцияларында катышууга милдеттендирилет.

Эске салсак, "Дүйнө сулуусу-2018" сынагынын финалы кытай аралдарынын бири Хайнандын Санья шаарында болуп өттү. Жалпысынан 118 таймашты. Бир ай катышуучулар ар кандай тапшырмаларды калыстардын көзөмөлүнүн астында атккарып жүрүштү.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар дүйнө элдеринин бийлерин бийлешти, чыгармачылык дараметтерин көрсөтүштү жана кечки көйнөктөрдү алып чыгышты.

Казакстандын сулуусу Екатерина Дворецская мыкты 30дук тайпага да илинбей калды. Жыйынтыгында ал сынактан четтетилди. Ал эми мыкты 5тике Беларусия сулуусу Мария Василевич кошулду. Ал сынакта "Дүйнө сулуусу Европа" титулун камсыздады. Бул тууралу TUT.BY билдирди. Алынган маалыматтарга ылайык, бул өлкөнүн ушул сыяктуу сынактардан алган алгачкы титулу.



Ссылка: https://barometr.kg/djn-suluusu-2018-synagynyn-zhechs-akchalaj-bajgeni-kelishim-boyuncha-albajt



Добавить комментарий