Дүйнө эли күткөн Хабиб менен Гэтжинин беттеши эртең, 24-октябрда болот

23 октября 2020 11:04 4294 Barometr
Поделиться в:
ok

24-октябрда Абу-Дабиде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын чемпиондук титулун америкалык Жастин Гэтже менен мушташып коргойт. Бул беттешти REN TV каналы түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу “Спорт Экспресс” сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эртең, 24-октябрда Нурмагомедов  2020-жылдын эсебинен биринчи жана акыркы жолу октагонго чыгат. Андыктан анын Жастин Гэтже менен болгон күрөшү талашсыз "жылдын күрөшү" болуп саналат.

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт бул беттеш промоушендин тарыхында эң ири кармаш болорун белгилеген.

Нурмагомедов менен Гэтженин октагондогу беттеши Бишкек убактысы боюнча 01:00дө же 02:00дө башталары маалым болду.

Гэтже 2017-жылдын мыктысы деп табылган техникалык нокаутка ээ болгон. Ал 24 таймашта утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Гэтже Хабиб үчүн эң коркунучтуу  жеңил салмактагы атаандаш экени айтылууда.

Эртең, 24-октябрда Хабиб Нурмагомедов үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоо үчүн америкалык Жастин Гэтже менен беттешке чыгат.

Россиялык мушкер Нурмагомедов 28 беттеш өткөрүп, баарын жеңген.

Буга чейин, Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтже беттеш алдында көз караштардын дуэлин өткөрүшкөн.

Атаандаштар Абу-Дабиде жолугушуп, Дана Уайттын көзөмөлү астында бир нече секунда бою көз караштар таймашын өткөрүшкөн.  Анан, алар бири-бирине сый көрсөтүшүп, эч кандай провокацияга алдырбай, кол алышып тарашты. Андан кийин атаандаштар чемпиондук курлар менен сүрөткө түшүштү. Хабиб абсолюттук чемпион болсо Гэтже убактылуу чемпион.



Ссылка: https://barometr.kg/djn-eli-ktkn-habib-menen-getzhinin-betteshi-erte-24-oktyabrda-bolot



Добавить комментарий