Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова экинчи билимге ээ болду

23 октября 2020 15:36 2565 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова "дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча экинчи билимге ээ болуп, диплом алды. Бул тууралуу Тыныбекованын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Балбан кыз жаштарды билимге умтулууга чакырып, мындан ары да билимин тереңдетүүгө бар күчүн  жумшаарын айтты.

“Бүгүн экинчи жогорку билимдүү болдук. Спорт менен машыгып, мелдешке катышуу менен эле чектелбей, терең билим алууга аракетимди кылып келем. Муну менен чектелбейм деген үмүт менен алдыга умтулуп келем.

Азыркы учурда, билимге көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Билимдүү адам ийгиликке жете алат.

Терең билим берүүдө ак эмгегин аябаган мугалимдерге ыраазычылык билдирем”, - деген жазуу калтырган Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын "дене тарбия жана спорт" факультетин аяктады. Балбан кыз аталган академияда 4 жыл окуп, "дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча кесиптик билимин ырастаган дипломго ээ болду.

Эскетре кетсек, Тыныбекова 2019-жылдын 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңип алып, дүйнө чемпиону болгон алгачкы Кыргызстандык балбан.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionu-ajsuluu-tynybekova-ekinchi-bilimge-ee-boldu



Добавить комментарий