Дүйнө чемпионатында күрөшө турган кыргызстандык Ойбек Насиров эле калды. Коло байге үчүн көңүл жубатуучу кармашка чыгат
Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында күрөшө турган кыргызстандык бир гана балбан калды. Ал 79 кило салмакта эркин күрөшчү Ойбек Насиров.
Ойбек мелдештин 8/1 финалында америкалык (АКШ) Кайл Дуглас Дэйк менен кез келип, 2:12 эсебинде утулуп калды. АКШлык финалга чыгып, кыргызстандык балбандын коло байге үчүн көңүл жубатуучу этапта күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк ачылды.
Эртең ал орусиялык Гаджи Набиев менен кармашат. Бул жуптун жеңүүчүсү дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн өзбекстандык Рашид Курбанов менен күрөшөт.
Казакстандын Нур-Султан шаарында грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаты 16-сентябрда башталган. Ал эртең 22-сентябрда аяктайт. Бул мелдеште байгелерден сырткары ар бир салмакта биринчи орундан бешинчи орунга чейинки орунду камсыздаган спортчуларга 2020-Токио Олимпиадасына жолдомо ойнотулду.
Кыргызстандан күрөш түрлөрү грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча жалпысынан 22 балбан барышкан.
Грек-рим күрөшүнөн 87 кило салмакта Атабек Азисбеков 5-орунду камсыздап, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.
Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кило салмакта Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду.
Добавить комментарий ×