Дүйнө чемпионатында бүгүн Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат

4 октября 2021 09:47 1778 Barometr
Поделиться в:
ok

Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта бүгүн, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.

Бүгүн аялдар арасында эркин күрөш боюнча турнир старт алат.

Анда эки салмак категориясы боюнча алдын ала кармаштар өтөт. 62 кг салмакка чейинки азыркы дүйнө чемпиону Тыныбекова 1/8 финалында старт алат, анын атаандашы япониялык Нонока Озаки болмокчу.

Ошондой эле бүгүн Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Эрназар Акматалиев дагы килемге чыгат.

Мелдештер божолдуу түрдө Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionatynda-bgn-ajsuluu-tynybekova-meldeshke-chygat



Добавить комментарий