Дүйнө боюнча коронавирустан 920 миңден ашык киши айыкты

29 апреля 2020 09:27 1087 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин 920 миңден ашык киши жеңип, ооруканадан чыгарылды.

South China Morning Post басылмасынын жазышынча, илдет 3 миллион 115 миң 691 кишиге жукканы расмий ырасталды. Ошол эле учурда 217 миңден ашык киши каза болду.

Оорунун жугушу жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. Учурда оору 1 миллион 12 миңден ашык кишиге жугуп, 58 348 киши каза болду. Экинчи орунда Испания турат, 232 128 кишиге коронавирус жугуп, 23 822 киши өмүрү менен кош айтышты. Италияда 201 505 кишиге оору жукканы тастыкталып, 27 359 киши өлдү.

Ошондой эле, Франция, Улуу Британия, Германия, Түркия, Иран жана Кытайда абал туруктуу эмес. Бул мамлекеттерде күн сайын оору жуккандардын саны көбөйүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-boyuncha-koronavirustan-920-miden-ashyk-kishi-ajykty



Добавить комментарий