Дүйнө боюнча бир миллиондон ашык киши коронавирустан айыкты
Поделиться в:
Жер шарында коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 1 миллион 14 миң кишиге жетти.
Ал эми соңку маалыматтар боюнча вирус 3,25 миллион кишиге жугуп, 233 387 кишинин өмүрүн алды.
Адаттагыдай эле оору жуккандар менен андан каза болгондордун сап башында АКШ турат. 1 миллион 69 миң 424 кишиге илдет жугуп, 63 миң киши анын курмандыгы болду. Экинчи орунда Испания. 213 435 кишиге илдет жугуп, 24 543 киши каза болду. Италияда илдет 205 463 кишиден табылып, 27 967 кишинин өмүрүн алды.
Улуу Британия, Франция, Түркия, Иран жана Кытайда дагы оору жуккандар менен каза болгондор күн сайын катталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-boyuncha-bir-milliondon-ashyk-kishi-koronavirustan-ajykty
Добавить комментарий ×