Депутаттын айтымында Лунара Мамытова 436 миң 976 сомго бюджеттин эсебинен АКШга курска барган
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын айтымында Лунара Мамытова АКШга курска мамлекеттик бюджеттин эсебинен барган. Курстун жалпы суммасы 436 миң 976 сомду түзөт.
Маалыматка ылайык аталган каражаттар "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин" реформалоого, маалыматтык системага, мамлекеттик жөлөк пулдардын даректүүлүгүнө, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалышы керек болчу. Бул акчалар салык төлөөчүлөрдүн моюнунда.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Лунара Мамытова 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин социалдык коргоо маселелери боюнча негизги курска катышып келген. Жогоруда айтылгандай аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдардын август - сентябрь айларында кармалышы да ушул себептерден улам, -деп айтылат Аида Касымалиеванын билдирүүсүндө.
Добавить комментарий ×