Депутаттардан мыйзамдарды шашып кабыл албоону өтүнүштү

22 июля 2021 11:04 1056 Barometr
Поделиться в:
ok

Мыйзамдарды парламентке таңгагы менен алып келип жатышат, аларды экинчи, үчүнчү окууга алып келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда парламенттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Мындай болбошу керек. Келгиле тез арада карай турган мыйзам долбоорлорун карап, калганын кийинкиге калтырабыз.Эгерде шашып кабыл алсак начар бойдон калат”,-деп айтты ал.

Нышанов белгилегендей, сентябрь айында депутаттар ишке кайтып келет, алардын мыйзам долбоорлорун караганга дагы бир ай убактылары болот.

Депутат Кенжебек Бокоев кесиптешинин айтканын колдоп чыкты.  Депутат Шайлообек Атазов дагы ушундай эле пикирин билдирди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputattardan-myjzamdardy-shashyp-kabyl-alboonu-tnsht



Добавить комментарий