Гульшат Асылбаеванын жалган маалыматты жайылтпоо тууралуу мыйзамына каршы добуш беришти

1 июля 2021 09:09 739 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 30-июлда депутат Гульшат Асылбаева тарабынан иштелип чыккан жалган жана так эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышкан жок.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору социалдык тармактарда фейк аккаунттарды блоктоо жана жалган маалыматты жайылтууну токтотууну сунуштайт.

Мыйзам долбоору үчүн 59 депутат макул деген добуш берсе, 38 депутат каршы болду. Эскерте кетсек, мыйзамды кабыл алыш үчүн депуаттардын жарымынан көбү же 60тан ашык депутат добуш бериши керек болчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/gulshat-asylbaevanyn-zhalgan-maalymatty-zhajyltpoo-tuuraluu-myjzamyna-karshy-dobush-berishti



Добавить комментарий