Депутаттар Ак үйгө келтирилген чыгымдарды аныктоого атайын комиссия түзүштү

5 ноября 2020 12:40 725 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 5-ноябрда  Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулушту.

Эл өкүлдөрү Ак үйдү калыбына келтирүүгө канча каражат сарпталарын аныктоо үчүн комиссия түзүү маселесин карашты.

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирген:

1. Мирлан Бакиров - төрага

2. Алмаз Сабырбеков

3. Марат Матазимов

4. Президенттин Аппаратынын өкүлү (макулдашуу боюнча)

5. Башкы прокуратуранын өкүлү (макулдашуу боюнча)

6. УКМКнын өкүлү (макулдашуу боюнча)

7. Юстиция министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча)

8. Экономика министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча)

9. Финансы министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча)

10. Маданият министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча)

11. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча)

12. Мамкурулуштун өкүлү (макулдашуу боюнча)

13. Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү (макулдашуу боюнча)

14. Исаев Б. – катчы

Эл өкүлдөрү эң негизги зыян техникаларга келтирилип, аларды калыбына келтирүүгө чоң сумма сарпталарын айтты.

Буга чейин, Акылбек Жапаров Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн сом кетерин айткан.

Эскерте кетсек, 5-6-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл массалык митингдерге чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг башаламандык менен коштолуп Ак үй талкаланып, өрттөлгөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-ak-jg-keltirilgen-chygymdardy-anyktoogo-atajyn-komissiya-tzsht



Добавить комментарий