Депутат Зиядин Жамалдинов: Кыргызстанда заманбап ири клиника курулуп калса жакшы болмок

5 декабрь 2019 12:02 1834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде медициналык факультетти ачып, окуу жайдын алдында заманбап ири клиника куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Өкмөт канча орундуу клиника куруу боюнча өзүнүн жообун бермек. Андан бери бир жыл өттү, Өкмөт болсо эмнегедир жообун бербей жатыптыр. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. «Ушундай да болобу? Түрк тарап өз каражатына куруп берели десе, биздин унчупай отурганыбыз жакшылыктын жышааны эмес. Кыргызстанда заманбап ири клиника курулуп калса, биздин элибиз үчүн жакшы болмок. Кыргыз жарандары Түркияга барып дарыланбай, Бишкектин өзүндө эле сакайып турушмак. Анын Өкмөткө кереги жок болсо, элге керек. Ал мындай мыкты демилгелерди унутта калтырбай, тезинен жообун бериши керек», - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ziyadin-zhamaldinov-kyrgyzstanda-zamanbap-iri-klinika-kurulup-kalsa-zhakshy-bolmok



Добавить комментарий