Депутат мас судья тууралуу: Карга карганын көзүн чокумак беле

23 января 2020 11:08 1545 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынына Жол коопсуздугу кызматы тарабынан протокол толтурулган. Судья сотко протоколду жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылыптыр. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Депутат, эми ошол мас судьянын арызын анын кесиптеши караганы жатыптыр деди.

"Карга карганын көзүн чокумак беле, ишти андан алып, калыс чечүүнү калыс жолдорун караштыруу зарыл. Ал эми Жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери ишти башка сотко берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок ал четке кагылып калды. Эгер сот протоколду жокко чыгарып салса, анда мындан ары жол коопсуздугун одоно бузган судьялар менен аткаминерлерге протоколдор толтурулбай калат. Менимче, бул маселе боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы менен Жогорку соттун төрайымы тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деп кошумчалады депутат

Ссылка: https://barometr.kg/karga-karganyn-kzn-chokumak-bele



Добавить комментарий