Депутат Жыргалбек Турсункулов “фигурасын” көрсөттү

24 июня 2019 16:55 10553 7 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Жыргалбек Турсункулов социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн сүрөтүн жүктөдү.

“1-сүрөт:15 жыл мурда 140 кг (жим лёжа) түртүп жүргөн кез. 2-сүрөт: азыркы кез”,-деп пост бөлүштү депутат.

Окурмандар ага ар кандай пикирлерин жазышууда. “Арнольд көрсө ыйлап ийчү сүрөт экен” дешип мактоого алгандар, “фотошоп эмеспи” деп депутаттын келбетине ишенбей жаткандар да болууда.

Редакция депутаттын өзүнө байланыша албадык. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы аталган сүрөткө азырынча комментарий берген жок. Ал эми депутаттын жардамчысы barometr.kgге сүрөт фотошоп эмес чыныгы экенин айтты.

Белгилей кетсек, 6-июлда депутат Нарын районунун Куланак айылында панкратион боюнча эл аралык мелдеш өткөрөт, бул сүрөт ошонун урматына болушу мүмкүн.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhyrgalbek-tursunkulov-figurasyn-krstt



Добавить комментарий