Депутат жол тармагына алынган насыялар боюнча козголгон иштерге жол министрлиги жоопкер экендигин айтты
Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңеште бюджет жана финансы комитети өкмөт тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өкмөттүн маалыматын укту.
Депутат Айсулуу Мамашева транспорт жана жолдор министрине кайрылып:
“Кандай гана жол курулбасын сөзсүз түрдө тартип бузуулары аныкталып, кылмыш иштери ачылып жатат. Жол тармагына алынган насыялар алардын колдонулушу үчүн сиздин кол алдыңыздагы адамдарга иш ачылып жатканы үчүн сиз да жоопкерсиз”, - деди.
Айсулуу Мамашева депутат катары Датка-Кемин электр линиясынын техникалык экономикалык негиздемесин Энергохолдингден сурап ала албай койгонун, негизи кредиттер менен гранттарды өздөштүрүү ачык-айкын эместигин сынга алды. Ал ортодо эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов депутаттын сөзүн тастыктап, аудиттен Балыкчы-Корумду жолун курууда 119 млн. сомдук тартип бузуу табылганын билдирди.
“Долбоордун сметасында сульфатка туруктуу цемент алынат деп көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө жолду курууда жөнөкөй цемент колдонулган. Мындан 119 млн сомдук тартип бузуу табылган,”- деди эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.
Соңунда депутаттар алынган насыя-гранттардын эффективдүү иштетилишин иликтөө боюнча атайын жумуш тобун түзмөй болду. 3 айдан соң иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгын чыгарат.
Добавить комментарий ×