Депутат кышы катаал Суусамыр айыл аймагына барып, шайлоочуларынан кабар алды

27 декабря 2019 15:47 511 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жаңы жыл майрамын утурлай Чүй облусунун кышы катаал Суусамыр айыл аймагына барып, социалдык мекемелердин кызматкерлерине, өрөөндөгү беш мектептин окуучуларына жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды. Бул тууралуу Жогоку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Белек тапшыруу салтанатында Жаңы жыл майрамы бөбөктөр үчүн эле эмес, жалпы эл үчүн өзгөчө күн экенин белгилеген депутат Тынчтыкбек Конушбаев: “Биздин максат бардык балдарга бирдей майрамдык жакшы маанай тартуулоо менен катар алардын мыкты инсан болуп калынтанышына кам көрүү. Анткени, бул майрамда эч бир бала белексиз калбоосу кажет”, – деди. Ошондой эле, окуучулар менен болгон жолугушууда аларды талыкпай окууга чакырган Жогорку Кеңештин депутаты: “Дүйнө өзгөрүп, технология өнүккөн заманда билим гана бийиктикке жеткирет. Андыктан, талыкпай изденеп, жакшы окууга аракет кылгыла. Билимдүү инсандын жарыгы жалпы элге тийип, анын арты менен өлкөбүз өнүгөт. Бул үчүн ата-энелер да балдарынын жакшы окуусуна кам көрүп, шарт түзүп берүүсү зарыл”, – деп кошумчалады. Мындан сырткары, депутат Тынчтыкбек Конушбаев айылдык администрациянын, мектептин, милиция бөлүмчөсүнүн, оорукананын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен да жолугушуп, жаңы жылдык белектерди тапшырды. Ал эми жергиликтүү эл депутаттын демөөрчүлүгүнө ыраазычылык билдиришип, балдардын жаркын келечегине салынган инвестиция сөзсүз ийгиликтер менен кайтарына токтолушту. Алсак, акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүнөн жалпы республикалык тестирлөөдөн 200гө чейин балл алган окуучулар чыгууда. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев жыйырма жылдан бери туруктуу демөөрчү катар Суусамыр айыл аймагына колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын өрөөндөгү беш мектептин алдыңкы окуучуларына стипендия тапшыруу менен катар окуучулар арасында өтүүчү “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” таймаштарын каржылайт. Ошондой эле, мугалимдер арасында уюштурулган “Жыл мугалими” сынагынын да жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырууну адатка айланткан. Мындан ары да жаш муундардын жаркын келечегине багытталган бардык демилгелерди колдоо менен спорттук иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөрүн убада кылд

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tynchtykbek-konushbaev-kyshy-kataal-suusamyr-ajyl-ajmagyna-baryp-shajloochularynan-kabar-aldy



Добавить комментарий