Нурланбек Тургунбек уулу айрым жетекчилерди куру пиардан алыс болууга чакырды

3 сентября 2025 12:55 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айрым шаар, район жана облус башчыларын куру пиардан алыс болуп, өз милдетин аткарууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Тагыраагы, төрага акыркы учурларда жарашса да, жарашпаса да олтурган-турганын телефонго тарттырып, өзүн жарнамалаган жетекчилер көбөйгөнүн белгиледи. 

“Көрсөтүп жаткан жумуштары алардын милдети. Өздөрүнө жүктөлгөн ишти убагында, так жасашса жарнамасыз эле эл баалайт. Аны сөзсүз эле пиар кылыштын кереги жок. Ош шаарынын мэрин туурап, көчөгө чыгып алууну токтотуш керек”, – деди төрага.

Айрым учурда кээ бир жетекчилер бир-эки таштандыны чыгарып жаткандарын деле көрсөтүп, жалпы Кыргызстанга жарыя кылып жатышканын сынга алган Төрага: “Ал түздөн-түз силердин кыла турган ишиңер. Телефон көтөрүп, блогер жалдап алып, тарттырганды токтоткула дагы өз ишиңерди кылгыла. Анткени, кээ бирөөнүн пиары элдин кыжырын кайнатууда”, – деп кошумчалады Нурланбек Тургунбек уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlanbek-turgunbek-uulu-ajrym-zhetekchilerdi-kuru-piardan-alys-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий