Депутат: Саламаттыкты сактоо министри минип жүргөн 82 миң долларлык унааны сатып, тез жардам унаасын алалы

30 января 2019 12:14 1413 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Саламаттыкты сактоо министри минип жүргөн 82 миң долларлык унааны сатып, ордуна тез жардам унаасын алалы" деп сунуш кылды депутат Абдывахап Нурбаев бүгүнкү 30-январда болуп жаткан парламенттик жыйында.

"Мен негизи Саламаттыкты сактоо министрине берейин дегем суроомду, тилекке каршы өзү келбептир, орун басары олтурат. Мына министр 82 миң долларлык унааны минип жүрөт уялбай. А медайымдардын айлыгы 3000-6000 миң сомдун тегереги болуп жатса, Саламаттыкты сактоонун абалы оор болуп турса, министрлердин кымбат унаа минип, иштеп жүргөнгө моралдык укуктары барбы?-деди депутат.

Депутат ошондой эле Парламенттин отурумуна жетекчилик кылган Аида Касымалиевага кайрылып, бул ишти гранттарды көзөмөлдөгөн Эл аралык комитетке тапшырма берип, карайлы деп сунуштады. Өкмөт тараптан министр унаасы учун өзү жооп берсин, биз жооп бере албайбыз дешти жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү даяр болбой келгендиги үчүн карала турчу мыйзам күн тартибинен алынып салынды. 

Ал эми депутаттын сунушу тууралуу карала тургандыгын төрайым Аида Касымалиева билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-salamattykty-saktoo-ministri-minip-zhrgn-82-mi-dollarlyk-unaany-satyp-tez-zhardam-unaasyn-alaly



Добавить комментарий