Депутат: Ошто эшек бизнеси өнүгүп жатат

6 марта 2019 14:34 4791 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Мады айылында эшек бизнеси “өнүгүп” жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров өкмөттүн жазгы талаа жумуштары жөнүндө маалыматы угулуп жаткан учурда билдирди.  

“Ош областынын Мады кыштагында Кытайдын жарандары эшек баккан ферма ачып алышкан. Бул кандай? Эмне үчүн аларды айылда кармап жатышат. Бул деген толук бойдон санитарияга каршы келет. Мамлекеттик ветеринардык инспекция каякты карап жатат?”,-деп нааразы болду депутат.

Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук агенттигинин башчысы Калысбек Жумаканов буга чейин аталган маселени иликтеп чыгууга тапшырма бергенин айтты.

“Эшектер дагы жаныбарлар. Ошондуктан аларды эл жашаган жерге кармоого болбойт деп бир беткей айтуу туура эмес. Сиздин кайрылуудан кийин биз аталган фермада болдук. Санитардык нормаларды текшерип чыктык. Баардык эшектер идентификациядан өткөрүлгөн экен, санитардык нормалар сакталууда. Ал жерде биздин ишкерлер да, Кытайдын жарандары да иштеп жатышыптыр”,-деп билдирди Жумаканов. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-oshto-eshek-biznesi-ngp-zhatat



Добавить комментарий