Депутат: Ноокат менен Сузакта 3 миңден ашык пенсионер апрелдин пенсиясын ала элек

14 мая 2020 10:03 2486 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Ноокат районунда 1050 пенсионер, Сузакта 2200 пенсионер апрель айынын пенсиясын ала албай жатканын айтты.

Парламент 14-майдагы жыйынында биринчи кылып ар кандай маселелерди карашты.

“Эки районго тең өзгөчө кырдаал кирген. Пенсия күткөн канча киши бар эле. Өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк ала албай калгандарга пенсияны жеткирип бербей коюптур. Ошондуктан пенсияны тез арада бергиле”, — деди ал.

Депутат андан сырткары жазгы талаа иштери аяктап баратканы менен айыл жериндеги дыйкандарга жер семирткич менен күйүүчү май жетпей жатканын билдирди.

“Жазгы талаа иштери аяктап бүтүп калды. Дыйкандарга айыл жерине жер семирткичтер менен күйүүчү май жетпей жатат. Аларга камсыздап берели. Азык-түлүккө болгон талап күч болот. Андыктан аларга бардык нерсени беришибиз керек. Андан сырткары суу агенттиги каналдарды оңдоого кете турчу акчаларды кесип салыптыр. Эгер дыйкан учурунда эгинин сугара албаса анын бары бошко кетет”, — деди депутат.

Жамалдинов түзүлгөн бул кырдаалды тезинен чечип ишти жөнгө салуу керектигин сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-nookat-menen-suzakta-3-miden-ashyk-pensioner-apreldin-pensiyasyn-ala-elek



Добавить комментарий