Депутат министрдин орун басарына: эжелеп отурасыңар, уят да

15 января 2020 11:04 3290 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева ички иштер министринин орун басары Памир Асановду даярданып келбегени үчүн сынга алып, берген фактылары дагы туура эмес экенин айтты.

Бүгүн депутаттар “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Касымалиева 2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан канча аял каза болгонун сурады. Ага министрдин орун басары 2 факты бар деп жооп кайтарды. Бирок Касымалиева ЖМКлар фактылар менен 68 аял каза болгонун жазып жатканын белгиледи.

Депутат үй-бүлөлүк зомбулук боюнча түшкөн 8159 арыздын канчасында аялдар замкы көргөнүнө кызыкты.

Министрдин орун басары алгач 5752 арызда эркектер замкы көргөнү белгиленгенин, ал эми 393 арызда аялдардын зомбулукка кабылганын айтылганын билдирди. Памир Асановдун мындай жообуна жини келген депутат "Сиз эмне деп жатканыңызды түшүнүп жатасызб? Аялдарга караганда эркектер көп замкы көрдүбү?" деп ачууланды.

Министрдин орун басары сандарды алмаштырып алганын, эркектерге караганда аялдар көп зомбулукка учуруганын билдирди.

Вице-спикер Аида Касымалиева министрдин орун басарын жакшылап даярданып келүүсүн талап кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ministrdin-orun-basaryna-ezhelep-oturasyar-uyat-da



Добавить комментарий