Депутат Махабат Мавлянова:"Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун 95 пайызы аялдарга карата жасалат"

25 октября 2018 11:35 1619 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда  үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун 95 пайызы аялдарга карата жасалат. 30 пайыз аялдар системалык түрдө зомбулука кабылып турушат. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депуаты Махабат Мавлянова билдирди. 

«Үй-бүлөдө уруш болот, өзүлөрү урушуп , жарашат , киришпөө керек» деген стереотип  коомчулук, эли журттубуздун канына сиңип, эч кандай чара көрбөгөнгө көнүп калдык. Жадагалса милиция кызматкерлери да ушул көрүнүшкө көнүмүш адаттай кош көңүл болуп калды. Качан гана аялдарды өлүмгө  алып келген же инвалид кылган фактылар  болгондо гана коомчулукта резонанс жаратып, кыйкырып чыгабыз.Бугун акыйкатчы Токон Мамытовго ушул көрүнүштү жоюу боюнча иш алпаруусун өтүндүм. Бирок  акыйкатчы институту жалгыз күрөшө албайт.  Кошунада ызы чуу болуп жатса аксакалдар тобу, же кошуналар чогулуп  ошол үй-бүлө аялына жасап жаткан  зордукту токтотууга чакырып, таалим тарбия бериш керек. Ал деле бирөөнүн мээримдуу энеси,айдай кызы, күндөй карындашы, жылдыздай эжеси болот.Ошондуктан жапа тырмак жалпы эл, энелерге , кыз-келиндерге болгон үй-бүлөдө болгон зордук-зомбулукка каршы туралы. Милиция кызматкерлери да ушул көрүнүштөргө реакция кылуусун талап кылалы, урматтуу калкым! Уй-булөдө бакыт , ынтымак орносо, балдарыбыздын ыйманы бийик өсөт, жакшы тарбия алат". 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mahabat-mavlyanovakyrgyzstanda-j-bldg-zorduk-zombuluktun-95-pajyzy-ayaldarga-karata-zhasalat



Добавить комментарий