Депутат: Кыргызстандын ишкерлери 4-5 мафиялык топко иштеп жатат
Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктундагы ыксыз текшерүү Кыргызстандын ишкерлери үчүн чоң зыян алып келип жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, кырызстандык ишкерлер товарларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер —Казакстанга, Россияга, Белоруссияга жөнөтүүдө ар бир жүк ташуучу автоунаадан товарына жараша 500 доллардан 5 миң долларга чейин алынып жатканын айтты.
“Бүгүнкү күнү өкмөттөн талап кылып, кезексиз түрдө өкмөт башчы Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөшүп, маселени чечпесе биздин ишкерлер зыян тартып жатат. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз, ошого кирип жатканда биз үчүн 180 миллиондук рынок ачылат дегенбиз. Бирок бүгүнкү күнү биздин ишкерлер тескерисинче 4-5 мафиялык түзүмдөргө иштеп жатат”, — деди депутат.
Арапбаев андан сырткары өкмөткө маселени тез аранын ичинде чечиши үчүн протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kyrgyzstandyn-ishkerleri-4-5-mafiyalyk-topko-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×