Депутат эже-карындаштары токмоктон каза болгон соң интервью берген эркектерди сындады

15 января 2020 14:03 3109 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева январь айында күйөөсүнүн токмогунан каза болгон аялдардын окуясы абдан өкүнүчтүү экенин айтып, алардын зомбулукка кабылып жүргөнүн билип, бирок аны жашыргандарды сынга алды.

"Эки жумада төрт айым каза болду деген маалыматтар чыгып кетти. Ошолордун жакын туугандары — агалары, инилери, аталары буга чейин деле сабалып келген деп интервью берип жатышат. Урматтуу мырзалар, буга чейин ыйлап келген эжеңер, карындашыңар болсо эмне унчукпайсыңар? Өлүп калгандан кийин аны айтып, интервью берип жаткандан кантип уялган жоксуңар? Мен аябай таң калып жатам. Эмне үчүн ушундайга чейин жеткирип жатабыз? Эмнеге туугандары унчукпайт?" — деп депутат суроо салды.

Ал ошондой эле, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин жалаң айым депутаттар көтөрүп чыгарын айтты.

"Үй-бүлөдөгү зомбулук деп өкмөттүк саат өткөндө бир дагы эркек депутат келбейсиңер. Милициядан бир орун басарды жөнөтүп коюп, министрлер басып да келбейт. Прокуратурадан орун басарларын жөнөтүп, өмүрү өздөрү келишпейт", — деди ал.

Сурабалдиева төрагага дагы кайрылып, зомбулук маселеси боюнча угуулар өткөндө өзү катышып, фракция лидерлерин сөзсүз чакыртып, депутат эркектердин катышуусун камсыздап берүүсүн суранды.

Эл өкүлү жаңы кодекстер боюнча эми зомбулукту көрүп-билгендер дагы укук коргоо органдары айтып, кайрылса боло турганын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ezhe-karyndashtary-toktmokton-kaza-bolgon-so-intervyu-bergen-erkekterdi-syndady



Добавить комментарий