Депутат эң начар жол Таш-Көмүр-Кербен жолу, андан башка жасала турчу жол деле калбады-деди. Элдер жолдордун абалына нааразы

13 декабрь 2018 11:18 1891 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Депутат Исхак Пирматов бүгүнкү Кыргызстандагы эң начар жол Таш-Көмүр-Кербен жолу, андан башка жасала турчу жол деле калбады деди. Бул тууралуу ал 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Менимче жолдун абалы өтө начар. Бир эле райондун эли эмес, Аксы, Чаткал, Ала-Бука үч райондун эли ушул 75 чакырым аралыктагы жолду басып өтүшөт. Адамдар эмес канаттуу куштар дагы ыйлай турчу өтө начар абалда. Албетте бюджеттен ала албайбыз, бирок инвестиция менен ушул жолду курууга көңүл буруп коюңуз"-деп өкмөткө сунуштады. 

Ал эми жол маселеси боюнча элдер социалдык тармактарда бийликке нааразы болушууда. Чиновниктер жана депутаттар ак үйгө барчу жолдон башка жолдорду көрбөсө керек. Чыркырап ыйлаган эл, алыста калган райондордун жолдордун абалы чоңдорго жетпей жаткан көрүнөт-деп Акталаа районунун тургундары нааразы болушту. Бул тууралуу алар Акталаа жолу менен Казарманга кеткен Макмал алтын кен комбинатына барчу жолдун абалын көрсөтүп, социалдык баракчаларга жайгаштырышкан.





Ссылка: https://barometr.kg/deputat-e-nachar-zhol-tash-kmr-kerben-zholu-andan-bashka-zhasala-turchu-zhol-dele-kalbady-dedi-elder-zholdordun-abalyna-naarazy



Добавить комментарий