Депутат: "Достук көзөмөл-өткөрүү пунктунда акча алуулар, коррупция абдан көп"
Өзбекстан-Кыргызстан чек арасындагы Достук көзөмөл-өткөрүү пунктунда акча алуулар, коррупция абдан көп. Карыган, жаш улгайган адамдар эстерин жоготуп жыгылып калган да учурлар кездешет. Мындай маалыматты бүгүн 27-декабрда депутат Айнура Осмонова парламенттик жыйында билдирди.
"Достук көзөмөл пунктунда электрондук жабдыктар жетишпейт. Ошондуктан ал жакта коррупция күч алып, акча алуулар көп болот экен. Канчалаган адамдар түртүшуп, чек арадан өтүүдө көп кыйынчылыктар жаралууда. Ошол маселе боюнча мурда да кайрылгам. Кызматкерлерди көбөйтүп, электрондук жабдыктар менен камсыздайбыз дегенсиздер. Эми ошол нерсе ишке аштыбы?"-деп чек ара кызматынын жетекчисине суроо салды.
Бул маселе боюнча иштер алып барылды. Кошумча камералар, техникалар коюлду. Бул нерсе чечилген деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-dostuk-kzml-tkr-punktunda-akcha-aluular-korrupciya-abdan-kp
Добавить комментарий ×