Зулпукаров: Сопоковдун уулу Азаматты маркум Эгемберди Эрматовдун небереси деп жумушка алгам
Жогорку Кенештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы консулу Эркин Сопоков байланышы тууралуу социалдык тармактан маалымат тараган.
Малыматта Эркин Сопоковдун уулу Азамат Эркинович Мамасалиев Зулпукаровдун жардамчы болуп иштеп жатканы жазыплган.
Зулпукаров бул маалымат тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине Эркин Сопоковду маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы катары таанырын, Азамат Мамасалиев атасынын окуясынан кийин арыз жазып кеткенин айтты.
"Эркин Сопоковдун уулу Азамат менин колумда жардамчы болуп иштеп турган. Азыркы учурда иштебейт. Азамат Кыргыз Эл акыны, маркум Эгемберди Эрматовдун небереси. Ал КСДПнын катчылыгында да иштеген. Атасынын окуясынан кийин арызын жазып кызматтан кеткен", - деп айтты Зулпукаров.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-azamat-masaliev-egemberdi-ermatovdun-neberesi
Добавить комментарий ×