Дастан Бекешев менен Рыспаев парламентте кыжылдашты

24 января 2019 16:36 1586 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев менен Кожобек Рыспаев парламентте кыжылдашып айтышып кетишти. 

Депутат Дастан Бекешев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп жазылган мыйзам долбоорун айтып, аны 1-июлда күчүнө кирет деп оңдоого киргизүүнү сунуштады.

Анда депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоору 3-окууда каралып жаткандыктан оңдоо киргизүү боюнча юристтер менен кеңешели деген оюн айтты.

Дастан Бекешев: "Бизде юристтер менен кеңешели деген өтө жаман тенденция болуп калды. Биз кимбиз анда? Биз чечебиз. Юрист менен макулдашайын деп сиз айтканда мен уялып кетип атам. Юристтер чечсе юристтерди бул жакка отургузалы", - деди.

Кожобек Рыспаев: "Дастан Далабаевич, бизди окутпаңызчы. Эмне мени окутуп жатасыз? Мен жаман эч нерсе айткан жокмун. Мыйзам бузулуп атса, юристтер менен кеңешебиз да, өзүм оңдой бермек белем" - деп так кесе айтты. 

Дастан Бекешев: "Окуткан жокмун сизди".

Кожобек Рыспаев: "Окутпа мени".

Депутат Экмат Байпакбаев депутаттардын тынчтануусун суранып, юристтер бул боюнча оңдоо киргизсе боло турганын айтты.

Жогорудагы тартыш болуп жаткан мыйзам долбоору кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартууга, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттырууга, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоого, тактоого багытталган.

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-bekeshev-menen-ryspaev-parlamentte-kyzhyldashty



Добавить комментарий