Смартфондун "зыяндуу нурларынан" кантип сактануу керек. Адистин кеңеши
Илимпоздор уюлдук телефон адамдын ден-соолугуна кандай таасир этет деген жыйынтыкка келе элек, бирок, анын негизги зыяны электромагниттик нурлануу баарлашуу учурунда дагы, аппараттын жанында жүргөндө дагы болот деп эсептешет. Адам телефонду канчалык көп колдонсо жана ага жакыныраак болсо, ошончолук коркунуч туудурат. Бул тууралуу SM-Clinic тармагынын невропатологу жана нейрохирургу Марат Якуповдун орусиялык басылмаларга берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Смартфондордун тынымсыз колдонулушунан, демек, электромагниттик нурлануунун адамдын тирүү ткандарына тийгизген терс таасирлеринен улам, тез-тез баш оору, күндүзү уйкусу келип, кыжырдануу жана чарчоо күч алат", - дейт дарыгер.
Анын айтымында, электромагниттик нурлануунун булагы канчалык күчтүү болсо, биздин клеткалардын ядролорундагы мутациялардын пайда болуу коркунучу ошончолук жогору болуп, көп учурда рак оорусун пайда кылат. Электромагниттик толкундар ички ткандарды ысытат, ал эми мобилдик шаймандын коркунучтуу радиациясы адамдын көптөгөн органдарына сиңет.
Уюлдук телефондун адам денесине тийгизген зыянын азайтуу үчүн Якупов аны көп колдонбоону, чалуу учурунда башыңа алып келбөөнү, эч кандай чакыруу болбогон учурда, аны өзүңдөн алыс кармоону сунуштайт. Телефондук сүйлөшүүлөрдү кыскартуу керек, эгерде узак сүйлөшүү болсо, 15 мүнөткө тыныгуу жаса. Түнкүсүн телефонду өчүрүп коюу керек.
Добавить комментарий ×