Дарыгер: эркектердин ден соолугу менен анын белинин өлчөмү тыгыз байланышта

18 сентября 2021 13:54 3560 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркектердин жашоо узактыгы менен ден соолугунун чыңдыгын аныктай турган эң эле жөнөкөй ыкма-бул алардын белинин өлчөмүн ченөө. Бул тууралуу россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Дмитрий Шубин билдиргенин Россиянын ЖМКларына таянуу менен “Баромтер” кабарлайт.

Адистердин айтымында, белдин өлчөмүнүн бир метрден ашып кетиши ашыкча салмактан кабар берет жана эркектин башкы гармону болгон тестостерондун деңгээлин төмөндөтөт.

“Швед окумушуулары тарабынан жүргүзүлгөн классикалык изилдөө бар. Алар тестостерон эркектин саламаттыгы менен өмүрүнүн узактыгына таасир берерин далилдешкен.Белинин өлчөмү 94 сантиметрге чейин болгон эркектердин саламаттыгы чың, жашоосу жакшы, тестостерону нормада. 94 сантиметрден 102 сантиметрге чейин болгондо тестостерон 50 пайызга чейин төмөндөйт.102 сантиметрден жогору болгон кезде тестостерон 80-90 пайызга ылдыйлайт”,-деп айтты Шубин.

Ошондуктан дарыгер эркектерге ашыкча салмактан арылуу керектигин эскертти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-erkekterdin-den-soolugu-menen-anyn-belinin-lchm-tygyz-bajlanyshta



Добавить комментарий