Дарыгер Аяз атанын костюмунун кооптуу элементтерин атады

16 декабря 2020 14:20 847 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жылдын башкы каарманы Аяз атанын сакалы менен мээлейи ден соолукка өтө кооптуу. Бул тууралуу 16-декабрда орусиялык эпидемиолог Ольга Ненастина билдирген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

«Бүгүнкү күндө карнавалдык костюмдардын көптөгөн элементтери башкаларга коркунуч туудурушу мүмкүн. Мисалы пахтадан жасалган сакал, жылуу кездемеден жасалган мээлей алдыда келе жаткан майрамдын башкы символу. Бирок, бул канчалык кооптуу экенин адамдар биле беришпейт. Анткени, илимпоздор коронавирус кездемеден көпкө жашай аларын айтышты", - деди доктур.

Ал кошумчалагандай, вирус  Аяз атанын сакалында жана костюмунун башка элементтеринде төрт сааттан бир жумага чейин жашай алат. Ненастина вирус синтетикалык материалдар менен узак жашай тургандыгын баса белгиледи.

«Коронавирус үчүн нымдуу чөйрө жагымдуу экендигин түшүнүү керек, ал кургаганда өлөт. Ошондуктан, соода борборунан бир аз тердеп кеткен Аяз атаны жолуктуруп калсаңыз анын кучагына  шашылбаңыз », - деп түшүндүрдү дарыгер.

Дарыгердин айтымында, бул жылы жаш балдар Аяз атадан оолак болуп, аралыкты сактоосу кажет. Анткени алар адам көп топтолгон жайларга барып, вирусту алып жүрүүчүлөрдөн болуп калышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-ayaz-atanyn-kostyumunun-kooptuu-elementterin-atady



Добавить комментарий