Дайыр Исмадияров унаасы кырсыктап 10 000 $ зыян көрдү: Шектүү төлөп бере албайм деди

31 май 2019 11:57 3345 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Дайыр Исмадияровдун авто унаасын уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 29-апрелинде түнкү саат 4төр чамасында жаран Дайыр Исмадияров авто унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтып кайрылган. Анын айтымында уурулар алгач жабырлануучунун кафеде отурган жеринен курткасын уурдап анын чөнтөгүндөгү ачкыч менен “Тайота Камри” үлгүсүндөгү унаасын айдап качкан.

Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жургүзүлгөндөн кийин айдап качкан жаран кармалган. Ал Талас облусунун 1997-жылы туулган Р. А. аттуу тургуну экендиги такталган. Учурда дагы иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу тактоо иретинде Barometr.kg редакциясы ырчыга байланышка чыкканда ал аталган маалыматты ырастап, окуяны толук баяндап берди.

“Менин авто унаамды уурдап кеткен жигит кармалган. Чындыгында унаам учурда жараксыз абалга келип калды. Тиги жигит азыр келтирилген зыянды төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок деп жатат, мен арыз жазып койдум. Ал кылган кылмышы үчүн жооп бериши керек деп ойлойм. Жалпылап айтканда 10 000 доллар чыгым болуп олтурам”, -деди Исмадияров.

Ырчынын интернет баракчасына акыркы жүктөгөн сурөтүндө артында унаа тургандыктан ага “учурда жаңы авто унаа алдыңызбы?” деген суроо узатканыбызда Дайыр:

“Азырынча унаа ала элекмин”, -деди күлүп.

Ырчы буга чейин унаасынын кантип жана качан уурдалгандыгы тууралуу кенен айтып берген.


Ссылка: https://barometr.kg/dajyr-ismadiyarov-unaasy-kyrsyktap-10-000-zyyan-krd-shekt-tlp-bere-albajm-dedi



Добавить комментарий