Сүрөт. Ырчы Дайыр Исмадияров унаасын ким, кантип уурдап жана кырсыкка кабылганы тууралуу айтып берди

21 мая 2019 17:11 8395 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Дайыр Исамадияров авто унаасы уурдалып, андан кийин талкалангандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн эле. Ырчынын айтымында унаасын айдап качкан жигит учурда колго түшкөн, ал уурулук кылып бара жатып кырсыкка кабылган.

“Акыркы убакта машинаңды кантип уурдады деген суроо  көбөйдү, жана бул суроого жооп бир аз бурмалангандыктан, болгон окуяны өзүм айтып бергим келди. Себеби кырсык каш кабактын ортосунда дегендей этият болуңуздар”, -деген Дайыр унаасы түнкү клубтардын биринде эс алып отурган жеринен уурдап кетишкенин айтып берди.

“Бишкектеги клубтардын бирине досторум менен эс алганга барып эле отуруп, курткамды чечип койгом. Бир аз убакыттан кийин кепкамды киейин деп эле карасам эле курткам да жок экен. Анан кыжаалат болуп машинада окшойт деп сыртка чыгайын десем ачкычым жок. Чыксам машинем жок. Кийин кырсык болгон жерге бир аз эле кырылып калса керек деген ойдо барсам тамтыгы чыгып кетиптир. Бир туруп жок ал темир да деген менен баари бир ичиң ачышат экен. Кандай гана эмгек менен алгам да мен деле”, -деп унаасынын учурда жараксыз абалда калганын айткан.

Ырчынын күйөрмандары анын өзүнө эч нерсе болбогондугуна суйүнүп, “башың аман болсо унаа табылат” деп колдоо көрсөтүшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-yrchy-dajyr-ismadiyarov-unaasyn-kim-kantip-uurdap-zhana-kyrsykka-kabylgany-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий