Дагестанда түрмөдөн качып кеткендердин арасында эки тажикстандык бар

24 сентября 2020 10:38 936 Barometr
Поделиться в:
ok

Дагестандын №2 түзөтүү колониясынан тоннель аркылуу качып кеткендердин арасында маңзат үчүн камалган тажикстандык Шамил Бойматов менен Махмадрасул Машрабов да бар. Бул тууралуу Риа новости жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Дагестандын Шамхал айылында жайгашкан №2 түзөтүү колониясынан 10 жылдан 14 жылга чейин оор беренелер менен соттолгон алты кылмышкер өткөөл казып качып кетишкен.

Алардын ичинен төртөө баңгизат, экөө киши өлтүрүү боюнча кесилген.

Качкандардын арасында маңзат үчүн камалган тажикстандык Шамил Бойматов менен Махмадрасул Машрабов да бар.

Кылмышкерлер тоннелди бир жыл бою казышкан деп болжолдонууда.

Эскерте кетсек, буга чейин №2 түзөтүү колониясынан алты киши жерди казып тонель жасап, ошол жол аркылуу качып кеткенин жазганбыз. Издөө иштери жүрүп, убактылуу посттор орнотулуп, атайын багыттагы жоокерлер жөнөтүлгөнү маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/dagestanda-tonnel-arkyluu-trmdn-kachyp-ketkenderdin-arasynda-eki-tazhikstandyk-bar



Добавить комментарий